Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги Кантта чыккан цементтин баасын бекитип, бир тонна цементтин баасы кошумча нарк салыгысыз 2 миң 945 сом турарын жарыялады. Бирок Бишкек шаарында бир тонна цементтин баасы 7миң 200 сомдон сатылууда. Белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиевдин пикиринде, учурда чоң-чоң кирешелүү ишканалар бийликтин алдында чөгөлөп, “үй-бүлөнүн” кабагы-кашы менен тең айланып калганы эч кимге жашыруун эмес. “Цементтин баасы деле президенттин жакындарынын иш-аракети аркасында көтөрүлдү, анткени булар алдыдагы шайлоого каражат топтоп атышат”,- дейт Тургуналиев. “Кант цемент заводунун” өкүлдөрү баалардын айырмасы тууралуу эч нерсе айта алышпай, цемент монополияга каршы агенттик бекиткен баада чыгып жатканын, андан аркы баага жооп бере алышпасын айтышууда. (AJ)