Ооганстандагы согуш аракетинде талибдер өлтүрүлдү

Талибдер батыштагы Барах дубанында ооган-америкалык кайгуулга кол салышкан. Ооган өкмөтү 18 талиб жок кылынды десе, АКШнын армиясы 10 талиб жок кылынганын билдирди. Армияга ылайык, биргелешкен күчтөр кийин согуш жүргөн айылдын тургундары менен жолугуп, салгылашта карапайым тургундардан эч ким жапа чекпегендигин аныкташты.