Лейлекте жалган диплом менен иштеп жүргөн мугалим кармалды

Каржы полициясынын маалымдаганы боюнча Лейлек районундагы орто мектептердин биринде дээрлик жыйырма жылдан бери иштеп келе жаткан К.Б. аттуу мугалим Тажикстандын Хужант мамлекеттик педагогикалык институтунун “Биология” адистиги боюнча алган диплому жалган болуп чыккан. Мындан мамлекетке 72 миң сомдук зыян келтирилген, бул факты боюнча кылмыш иши козголду, деп кабарлайт каржы полициясы.(ZKo)