Пакистандын түндүк-батышында талип жоочулары тарабынан уурдалып кеткен студенттердин 40ка жакыны бошотулду. Маалым болгондой, 1-июнда талиптер Вазиристан вилайетинде студенттер бараткан бир нече автобуска кол салып, анда бараткан студенттерди уурдап кеткен. Азырынча уурдалган студенттердин так саны белгисиз. 2-июнда 70 студент бошотулган.