И.Давыдов:Энергетикада былтыркыдай кризис болбойт

Мындай билдирүүнү Энергетика жана отун ресурстар министри Ильяс Давыдов кечээ Токтогул ГЭСинде болгон жыйында билдирди. Министрдин айтымында, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 1-октябрга карата 11 миллиард кубметрден кем болбойт, бирок электр жарыгын өчүрүүлөрдү толук токтотуу мүмкүн эмес. Ильяс Давыдов энергетика тармагында былтыркыдай кризисти болтурбоо учүн азыр тармак ишканаларын ремонттоо жана сууну сарамжалдоо аракеттери көрүлүп жаткандыгын билдирди. Токтогул ГЭСиндеги жыйын премьер министр Игорь Чудиновдун катышуусу менен өттү.(BD)