Кытай Түркмөнстандагы газ кенин иштетүүгө 3 млрд доллар бөлөт

Бейтарап Түркмөнстан мамлекеттик гезити кабарлагандай, 14 триллион кубометр жаратылыш газы бар деп болжолдонгон Түштүк Йолотан кенин иштетүүгө Кытай тарап демөөрчүлүк кылат. Эксперттердин баамында, көлөмү жагынан дүйнөдөгү 5-ири газ кенинен Кытайга тартылчу 7000 чакырымдык газ кууру эмдиги жылга дейре курулуп бүтмөкчү.