Чек ара кызматынын төрагасынын түштүк аймагы боюнча орун басары Акылбек Нышанов «Азаттыкка» маалымдашынча, 7-июнь таңгаа маал саат алтылар чамасында Кара-Суу шаарынын тургуну, 29 жаштагы Улукбек Жороканов «Достук» чек ара бекетине жакын жерде кетип баратканда өзбек чек арачылары атып, өздөрү тараптагы ооруканага алып кетишкен. Азырынча жабырлануучунун өлүк-тириги, ошондой эле кайсыл өлкөнүн жараны экендиги белгисиз бойдон калууда.(ATo)