Эл аралык байкоочуларды каттоо башталды

БШК мүчөсү К. Маматкеримовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча бүгүн эл аралык байкоочулардын алгачкылары болуп, КМШ парламенттери аралык ассамблеясынын 27 байкоочусу катталды. Быйылкы президенттик шайлоого 1000 ден ашуун эл аралык байкоочу келет, деп күтүлүүдө, быйыл мурдагы шайлоолордон айырмаланып, эл аралык байкоочуларга чектөө киргизилген жок, дейт БШК мүчөсү К. Маматкеримов . Президенттик шайлоого ат салышуучу талапкерлерди колдоо иретинде чогулган колдорду эсептөө иши аягына чыга элек, БШКдан маалымдашкандай бул жараян аяктагандан кийин талапкерлердин так саны аныкталышы мүмкүн. 23-июлда боло турган президенттик шайлоого катышуучу жети талапкер бар, башында шайлоого катышуу арызы менен 18 киши борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган.(ZKo)