Мунайдын баасы 7 айдан берки рекорддук деңгээлге чыкты

Муну менен бир баррелдин баасы 71 долларга чукулдап барды. Чийки мунайдын бир баррели бүгүн Азиялык биржаларда 70 доллар 70 центке айланды. Кара майдын баасы соңку 3 ай ичинде эки эсе көтөрүлгөнү дүйнөлүк экономикада жандануу башталып, АКШда энергия керектөө кайрадан өсө баштаганынын белгиси дешет эксперттер.