НАТО Косоводогу азыркы 14000 аскерин азайтып, 10000 адам калтырат

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери Брюсселдеги жыйында Ооганстан жана Косово маселелерин талкуулап, Косоводо кырдаал турукташуу жагында экенин макулдашышты. АКШ талиптер баш көтөрүп жаткан ооган аймактарына кошумча 21 миң аскер жөнөтүүгө сөз берген. Германия Ооганстандагы контингентин 10 миң адамга чейин кыскартуу планын караштырууда.