Пакистандын эки шаарында жанкечтилер кол салды

Чыгыштагы Лахор шаарында медреседеги жардырууда талибдерге каршы турумдагы таанымал имам көз жумду. Түндүк-батыштагы Ноушера шаарында мечиттин жанындагы жардырууда кеминде 3 киши каза таап, аз дегенде 32 киши жараат алды.