Президенттикке талапкерлердин ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо башталат

БШКдан “Азаттыкка” маалымдашкандай 23-июлда боло турган президенттик шайлоого толук кандуу талапкер деп катталгандар бүгүнтөн тарта ишенимдүү өкүлдөрүн каттоого кирише алышат.
Бүгүн ошондой эле президенттик шайлоого көз салууну каалаган байкоочуларды каттоо жараяны да уланат.(ZKo)