И. Чудинов: Кыргыз-казак алакалар ыкчам өнүгүп жатат

Кыргыз өкмөт башчысы Игорь Чудинов Казакстанга жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында бүгүн казак премьер-министри Карим Масимов менен жолугушту. Анда И. Чудинов эки өлкөнүн карым-катышы ыкчам өнүгүп жатканын айтып, мындай жолугушуулар алака-катыштарга жаңы дем берерин баса белгиледи. Андан кийин өкмөт башчылардын кеңири жыйыны болуп, эки өлкөнүн соода-экономика, техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча талкуу жүрдү. И. Чудинов Кыргызстандагы казактардын ири ишканалары дагы инвестицияларга муктаж экенин айтты. Казакстандагы кыргыз мигранттардын ролун белгиледи. Бул жыйындан кийин өкмөттөр аралык казак-кыргыз кеңешинин биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнөн кабарлашты. (EBM)