“Асаба” партиясы экиге бөлүндү

Лидер Советбек Жамалдиновду жактаган партиянын Ордо кеңеши кечээ кезектеги жыйынын өткөрүп, анда президенттик шайлоодо Темир Сариевдин талапкерлигин жактоо тууралуу чечим кабыл алышты. Ал эми экинчи тарабы кечээ Курултай чакырып, анда Советбек Жамалдиновду “аракетсиздиги үчүн” партия төрагалыгынан алып, анын ордуна Салмоорбек Дыйкановду партиянын башчылыгына шайлашты. Ошондой эле Курултайда “Асабанын” мурдагы төрагасы Азимбек Бекназаровго “партиянын ардактуу мүчөсү” деген наам берүү тууралуу токтом кабыл алынды. Ал эми партиянын Ордо кеңеши Курултайды тааныбай тургандыгын билдирүүдө.(ZKo)