АКШ Конгресси согушту каржылоо боюнча мыйзамдарды кабыл алууда

Конгресстин Эл өкүлдөр палатасы кечээ бул багытта жалпысынан 106 миллиард доллар ажыратууну караган мыйзамды 226 добуш менен жактырды. 202 конгрессмен документке каршы чыкты. Эми мыйзам Сенаттын кароосуна барат. Эгер Сенат дагы мыйзамды жактырса, ал президент Барак Обама кол койгон соң күчүнө кирет. Ассошейтед пресс агенттиги келтирген маалыматтарга караганда, 106 миллиард доллардын 79,9 миллиарды Ирак менен Ооганстандагы аскерий аракеттерди каржылоо, 2,4 миллиарды Пакистанга коопсуздук жана өнүгүү багытында, 1,4 миллиарды Ооганстанга экономикалык долбоорлор боюнча жардам көргөзүү үчүн сарпталат.