Жогорку Кеңештин Өнөр-жайды, сооданы, туризмди, кичи-орто бизнести, транспортту, байланышты, курулуш жана архитектураны өнүктүрүү комитети 22-июнда “Аба транспортундагы коопсуздук жөнүндө” деп аталган мыйзам долбоорду талкууламакчы. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирет. Талкууга депутаттардан тышкары өкмөт мүчөлөрү, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү катышмакчы. (IJz)