Ошто өлкө башчысынын иш сапарында кошоматчылыктын күнү тууду

Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын Ош аймагы боюнча төрагасы Төлөгөн Келдибаев билдирди. Анын айтымында, Ош шаарынын чоң көчөлөрүндө президент Курманбек Бакиевди мактаган плакаттарды заказ бергендердин аты-жөнү, нускасы жана аны басып чыгарган ишкананын дайын-дареги көрсөтүлбөгөнү Шайлоо Кодексинин талаптарын одоно бузуу болуп эсептелет. Келдибаев мамлекет башчысынын түштүк жергесиндеги иш сапарында жергиликтүү бийликтин ашкере кошоматчылыкты көрсөтүшкөн. Ошол эле учурда Бириккен элдик кыймылдын президентикке бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары болсо түштүктөгү үгүтчүлөрүнө коркутуп-үркүтүүлөр күчөгөнүн айтышууда. Ал эми “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевге дагы Исфана шаарында тоскоолдуктар болгондугун анын штабынан кабарлашты. (AJ)