АКШ жана Бразилия футбол боюнча Түштүк Африкада өтүп жаткан эл аралык мелдештин жарым финалына чыкты

Конфедерация кубогу деп аталган мелдештин чейрек финалында АКШнун курама командасы Египетти 3:00 эсебинде жеңди. Ал эми Бразилия дүйнөнүн азыркы чемпиону Италияны 3:0 эсебинде утту. Эми жарым финалында АКШ Европанын азыркы чемпиону Испания, ал эми Бразилия мелдештин конок ээси Түштүк Африка менен ойнойт.