“Ак шумкар” менен СДПнын лидерлери түштүктө

Президенттикке талапкер Темир Сариев Баткен, Ош жергесинде жолугушууларды өткөрдү. Кечээ “Ак шумкар” партиясынын лидери Ош шаарындагы жолугушууда өзүнүн шайлоо алдындагы программасын айтып берди. Аны жактаган үч жүзгө чукул адам чогулду. Талапкер Темир Сариев Жалал-Абад шаарында жолугушууну июль айынын башталышына пландаштырган. Бирок Жалал-Абаддык бир катар шайлоочулар Оштогу жолугушууга келип катышты. Бул тууралуу “Ак шумкар” партиясынын штабынан билдиришти. Маалыматка караганда Темир Сариев бүгүн Ысык-Көл облусунда шайлоочулар менен жолугушуусу күтүлүүдө. Ал эми президенттикке Бириккен элдик кыймылынан бирдиктүү талапкер Алмазбек Атамбаев Ош шаары жана Кара-Сууда жолугушуу өткөрөт. Кечээ ал Өзгөн, Кара-Кулжадагы шайлоочулары менен жолугушкан. (AJ)