Ооганстандын түштүгүндө 23 талип жоочусу өлтүрүлдү
Бул тууралуу ооган армиясынын командачылыгы маалымдады. Генерал Шер Мохаммад Зазайдын айтымында, мерт кеткендердин арасында талиптердин жергиликтүү командири да бар. Ооган армиясы менен талиптер ортосундагы кагылышуу Урузган вилайетинде орун алган.