Бишкекке жыл сайын 50-70 жаңы автобус алынып келип турат

Бишкектин мэри Нариман Түлеев шаарды өнүктүрүү боюнча жаңы программага ылайык, жыл сайын эл ташыган 50-70 унаа алынып келерин билдирди. Ушул тапта 200 автобус кызмат көрсөтүп жатканын, жакында Кытайдан дагы ушунча унаа келерин айтты. 400 автобус шаардагы муктаждыктын 30 пайызын толуктайт, унааларды аз-аздан алып келүү шаар казнасына чоң оорчулук келтирбейт, дейт Н. Түлеев. (EBM)