БШК бүгүн эки эл аралык байкоочуну каттады

Алар Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү болду. БШК төрагасынын жыйында маалымдаганы боюнча бүгүнкү күнгө карата 90 эл аралык байкоочу катталды. Ошондой эле БШК бүгүн президенттикке талапкерлер Алмазбек Атамбаев менен Токтайым Үмөталиеванын ишенимдүү кишилерин да каттады. Шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчи орун басары Жамиля Алымбекованын маалыматы боюнча Алмазбек Атамбаевдин 17, Токтайым Үмөталиеванын 5 ишенимдүү адамы бүгүн тиешелүү күбөлүктү колдоруна алышты. Ушуну менен талапкер А. Атамбаевдин ишенимдүү кишилеринин саны 29га жетти, ал эми талапкер Курманбек Бакиевдин 550 ишенимдүү адамы катталган.(ZKo)