Ахмединежад Батышка карата катаң мамиле жасай тургандыгын бышыктады

Ирандын президенти ушул айдагы шайлоолордон кийин Батыш менен «мурдагыдан чечкиндүү жана катаң позицияда» болоорун билдирди. Мунун алдында АКШнын президенти Барак Обама Ахмединежад жеңүүчү деп табылган президенттик шайлоодон кийин демонстрацияга чыккан ирандыктардын коркпостугуна жогорку баа берген эле. Анын аралыгында, жеңилген талапкер Мир Хусеин Мусави бийликтердин айрым добуштарды кайра саноо сунушун четке какты. Ал 12-июндагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда.