Конфедерация кубогун кайрадан Бразилия жеңип алды

Кечээ түнү Түштүк Африканын борбору Йоханнесбургда өткөн мелдеште Бразилиянын курама командасы АКШны 3:2 эсебинде утту. Муну менен Бразилия Конфедерация кубогун үчүнчү ирээт жеңип алды. Ал буга чейин аталган мелдештин баш байгесин 1997 жана 2005-жылдары алган.

Күмүш меделга Бразилиядан жеңилген АКШ татыса, коло медалды конок ээси - Түштүк Африканы кошумча убакыттын жардамы менен 3:2 эсебинде утуп, Испания алды.