Шайлоо бюллетендери 4-июлдан тартып даярдала баштайт

Бул тууралуу бүгүн БШКнын кезектеги жыйынында маалым болду. Анда айтылгандай 23-июлда өтө турган президенттик шайлоодо добуш берүү үчүн 2 млн 834 919 бюллетень даярдалат. Добуш берүү кагазы бир нече даражадагы коргоо белгилеринен туруп, мамлекеттик “Учкун” басмаканасында Коопсуздук кызматынын жана милиция кызматкерлеринин катуу көзөмөлү алдында басылат. Бүгүнкү күнгө чейин 2 млн. 820 миңден ашуун шайлоочу катталып, тизмеге киргизилген. БШКнын мүчөсү Токтогул Султакеевдин маалыматы боюнча добуш берүү кагаздары шайлоочулардын санынан 0,5% көп даярдалат.(ZKo)