Кант шаарында авариялык кызматтын үч кызматкери газга ууланып өлүштү

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка караганда, 4-июлда Кант шаарынын Лев Толстой көчөсүндө жаратылыш газы чыгып жаткан жерди оңдоп жатышкан авариялык кызматтын кызматкерлери А.Пушков, Э. Калчаев жана В.Сиденко техникалык коопсуздукту сактабагандыгынан улам газга ууланып каза болушкан. (AJ)