Алдыдагы президенттик шайлоого карата өлкө тышында 139 миң шайлоочу катталды

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовский бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтымында, 23-июлдагы Кыргызстандын президентин шайлоого карата чет мамлекеттерде 49 шайлоо участкалары ачылды.

Ар кыл маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын тышында жүргөн шайлоого укуктуу жарандардын саны 500-600 миңден ашат. Мигранттар менен иш алып баруучу “Замандаш” ассоциациясынын маалыматы боюнча бир гана Орусияда эле 500 миң чамалуу шайлоого укуктуу кыргызстандыктар бар. (IJz)