Ооганстанда бир суткада сегиз британ аскери курман болду

Ошентип, Британия Ооганстанда, Ирактагыга караганда да, көбүрөөк аскерин жоготту. Ооган жеринде курман болгон британ аскерлеринин жалпы саны 2001-жылдан бери 184 адамга жетти. Иракта болсо 179 аскер көз жумган. Британиянын премьер-министри Гордон Браун аскерлер быйыл талиптер менен күрөштө өтө оор мезгилди баштан кечиришээрин, бирок ооган элине августта ачык шайлоо өткөрүүгө баары бир колдоо көрсөтүш керектигин айтты.