АКШ-Кыргызстан комиссиясы кызматташтык механизмин аныктайт

Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы АКШ мамкатчысынын орун басары Уильям Дж. Бөрнстин Бишкек сапарына байланыштуу тараткан маалыматында билдирди. Уильям Дж. Бөрнстин кечээ Бишкектеги маалымат жыйынында айтканына караганда АКШ-Кыргызстан өкмөттөр аралык комиссия түзүүнү макулдашты жана анын чегинде Кыргызстандын Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев АКШга барат. Президенттин маалымат кызматынын айтымында эки өлкөнүн эксперттери жана адистери конкреттүү экономикалык долбоорлорду иштеп чыгууга келерки айда киришет. (BuS)