Алмазбек Атамбаев Жалал-Абадда ууланган

Бул тууралуу БЭКтин саясий кеңешинин мүчөлөрү Исмаил Исаков жана Эмилбек Каптагаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Каптагаевдин айтымында, оппозиция лидери Алмазбек Атамбаев Жалал-Абадда үгүт өнөктүгүн жүргүзүп баштаганда нервтик-шал кылуучу уу менен ууланган. Мына ошонун айынан Атамбаевдин сүйлөө жана өзүн алып жүрүү жөндөмү бузулган. Шакирттери буга байланыштуу үгүт ишин токтото турууну сунушташкан. Бирок Атамбаев андан баш тартып, жолугушууга барган. Жолугушуу боло турган жерде аны бийликчил, даярдалган журналисттер жана атайын кызматтын өкүлдөрү күтүп турган. Атамбаевди табышмактуу абалда тартып алып, аны ага каршы пайдаланышкан.
Бириккен Элдик Кыймылдын лидерлери Алмазбек Атамбаев мына ошол уулануудан кийин дагы эле толук калыбына келе электигин билдиришүүдө. Алмазбек Атамбаев үгүт өнөктүгүн Жалал-Абад облусунда 20-июнда жүргүзүп жүргөн убакта табышмактуу оорууга учураган эле. (AiT)