Бүгүн Бишкекте арзышкандардын сейил багы ачылат

Бул тууралуу шаар башчысы Нариман Түлеев кечээ маалымат жыйынында билдирди. Жаштардын жолугуушуусуна жана үйлөнүү үлпөтүнүн сейил куруусуна баш калаада ылайыктуу жер жоктугунан улам мэр ушундай идеяга келгенин билдирди. Жаңы курулуучу арзышкандардын сейил багы Манас проспектисинин жогору жагындагы Аэропорт көлмөсү тарапта курулмакчы. Шаар башчынын айтымында, жаштардын сейил багынын курулушун демөөрчүлөр менен меценаттар ишке ашырат. (AJ)