Оппозиция 23-июлдун кечинде концерт бергени жатат

“Биз Бишкек шаарынын мэриясына арыз бердик, мыйзам боюнча бизге эч кандай тоскоолдук болбошу керек – 23-июлда шайлоо бүткөндөн кийин сегиз жарымда парламенттин алдында, БШКнын жанында жеңиш концертин баштайбыз. Элге рахмат айтып, жеңдик, деп айтабыз”, - деди президенттикке БЭКтен бирдиктүү талапкер Алмазбек Атамбаев “Азаттыкка” берген маегинде. “Азыркы бийлик канчалык добуш уурдабасын, эл биз тарапта, биз утабыз. Анткени биздин ураан “Бириксек колдон келет”, азыр түндүк-түштүк деген жок”,-деди Атамбаев.

Президенттин басма сөз кызматы оппозиция президенттик шайлоо алдында утулуп баратканынан улам ушундай пиар таратып жатканын, шайлоонун жыйынытыгын алдын ала айтууга али эрте экендигин билдирди. (AJ)