Жаңылыктар Ооганстанда жоголгон аскер уурдалганы ырасталды 20-Июль, 2009 Муну Пентагон ал аскер жөнүндө видео интернетте пайда болгондон кийин айтып чыкты. Бирок 30-июнда жоголуп кеткен 23 жаштагы Боуи Бергдалды ким уурдап кеткени азырынча белгисиз. Бирок америкалык командачылык бул үчүн талиптерди айыптады.