Дубай-Бишкек сапарындагы учак жерге чукул конду

20-июлдан 21-июлга караган түнү Дубай-Бишкек сапарына чыккан "Исток-Авиа" компаниясына таандык "Боинг" учагы абага көтөрүлгөндөн 40 минутадан кийин кыймылдаткычы бузулду деп, кайра Дубайга конду. Жүргүнчүлөр арасында жабыркоо болгон жок, бардыгы аман-эсен деп билдиришти авиакомпаниядан “Азаттыкка”. Маалыматка караганда учакты "Кыргызстан" авиакомпаниясы ижарага алып, иштетип келаткан.(BuS)