Укук коргоочулар №14 абакта болуп келишти

“Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилованын “Азаттыка” билдирүүсүнө караганда, алар бүгүн эрте менен №14 абакта болуп келишти. 18-июлда Панфилов районундагы өспүрүмдөр абагында мушташ чыгып, андан кийин бирөөсү өлүп, үчөөсү жарадар болгон. Түзөтүү колониясынын жетекчиси Нурбек Отунчуев кызматынан алынган. Анын ордуна жаңы жетекчи дайындалып, учурда абал көзөмөлгө алынган. Юстиция министрлиги курамына адам укугун коргоочулар кирген комиссия түзүп, №14 түзөтүү колониясындагы окуянын себептерин иликтеп, андай окуяларга жол бербеш боюнча өз сунуштарын иштеп чыкмакчы.(AiT)