Талиптер Пакистанга качышы мүмкүн

АКШнын атайын өкүлү Ричард Холбрук бүгүн Пакистандын жетекчилиги менен көрүштү. Пакистандыктар ушу күндөрү америкалык жана британ аскерлери Ооганстандын Хелманд вилоятында талиптерге каршы жүргүзүп жаткан операциясы Пакистанда абалды курчутушу мүмкүн деп кыжаалат болуп жатышкан экен. Анткени ооган жеринен качкан жикчилер эми Пакистанга башпаанек издеп келиши ажеп эмес дешет.