Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан маалыматка ылайык, саат 12 00го чейин өлкө боюнча шайлоочулардын 46,46 пайызы добуш берди. Жалал-Абат облусунда шайлоочулардын активдүүлүгү байкалып, 58 пайыздай добуш менен алдыга чыкты. Ош шаарында жана Ош облусунда шайлоочулардын тең жарымы шайлап чыгышты. Эң пассивдүү аймак Бишкек шаары (36,09%) менен Чүй облусу (31,28%) болууда. (EBM)