Президенттик шайлоого катышкандардын саны 77,36%

БШКнын таңкы саат бештеги маалыматы боюнча Президенттик шайлоого катышкандардын саны 77,36 пайызды түздү. “Бул көрсөткүч аймактык шайлоо участкаларынын протоколдору келгенден кийин дагы өзгөрүшү мүмкүн”,- деп билдирди БШКнын маалымат-талдоо бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Жумагулов.

БШКнын саат 24төгү алдын ала алгачкы жыйынтыгы боюнча президенттик шайлоого добуш бергендердин саны 79,15 пайызды түзгөн. Шайлоонун алдын ала жыйынытыгы бир-эки күндөн кийин чыгарылат деп БШКдан кабарлашты. (AJ)