Саммитте коомдук тартипке 5 миң милиция көз салат

ИИМдин маалымат кызматынын билдиргенине караганда ЖККУнун Чолпон-Ата саммитинин коопсуздугун камсыздоо милдетин ИИМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы менен Мамлекеттик күзөт башкармалыгы алууда. Саммит белгиленген 31-июлда жана 1-августта Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Бостери айылынан тескейдеги Тамга айылынын аралыгындагы автожолго маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.
Тышкы иштер министрлиги бейформал саммитке келүүгө ЖККУга мүчө бардык мамлекет башчылары макулдук бергенин тастыктоодо. Мүчө мамлекеттердин катарында Орусия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Армения, Тажикстан, Өзбекстан бар.(BuS)