Молдова: мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт

Ага сегиз саясий партия катышат. Сурамжылоолорго караганда, парламентке өтүүгө 5 партиянын мүмкүнчүлүгү жогору. Өткөн айда парламенттеги оппозициялык партиялар эки жолу президентти шайлаттырбай койгондон кийин Коммунисттик партиянын лидери, Молдованын президенти Владимир Воронин мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алган. 5-апрелде парламенттик шайлоодон кийин анын жыйынтыктарына нааразы болгон миңдеген демонстранттар Кишиневдо парламентке өрт коюп, президенттин кеңсесин талкалашкан. Апрелдеги тополоңдон кийин полиция жүздөгөн кишини камакка алган.