Бийлик менен жарандык коом сүйлөшөт

Эки тараптын сүйлөшүүлөрү Акыйкатчы институтунда 5-августта болмокчу. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча жарандык коом, эл аралык уюмдар, Акыйкатчы жана мамлекеттик кызматкерлердин катышуусу менен биргелешип өткөрүлө турган ири иш-чарада өлкөдөгү комдук-саясий кырдаал, адам укуктары, шайлоо тууралуу кеп болмокчу. “Мындан ары кантип иштешип, кандай мамиле түзөбүз, мына ушул маселени ийри отуруп, түз чечип алалы деп атабыз,” дейт укук коргоочу.(ZKo)