Иракта жардыруудан кеминде 10 адам өлдү

Дагы 50дөн ашуун адам жарадар болду. Ирактын түштүгүндөгү Мосул шаарында шийи-мусулмандары мечитте жума намазды окуп бүтүп, эми үйлөрүнө таркап жатышканда бомбага жык толтурулган машине атылып кетиптир. Айрымдар чабуулда жанкечти жасады дешет.