Иракта жардыруулардан 36 адам мүрт кетти

Дагы 80дей киши жарадар болду. Мосул шаарында шийи-мусулмандары мечитте жума намазды окуп бүтүп, эми үйлөрүнө таркап жатышканда бомбага жык толтурулган машине атылып кетиптир. Андан 30 адам, ал эми Багдаттагы дагы бир жардыруудан 6 шийи набыт болду.