УКМК кызматкерлерине кол салгандарга сот башталды

Соттук териштирүү бүгүн Биринчи май райондук сотунда башталды. Сотто төрагалык кылып жаткан сот Абдыразак Боромбаевдин айтымында, сот жараяны жабык өтөт. Анткени, дейт ал, УКМК жетекчилиги билдиргендей, УКМКнын “Альфа” бөлүмүнүн кызматкерлеринин ысымдары жашыруун болуп саналат жана алар ачыкталбашы керек. Эсиңиздерге сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-майында УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн кызматкерлерине кол салуу болуп, үч кызматкердин бирөөсү каза тапкан. Бишкек шаардык прокуратурасынын божомолу боюнча, “Альфанын” үч кызматкери “Фараон” түнкү клубунда эс алып, сыртка чыкканда клубдун жанына беш чакты жигит унааны туура эмес токтоткондон улам ортодо чатак чыгат. Беш жигит УКМКнын кызматкерлерине бычак менен кол салышып, эки жума өтпөй бардыгы тең кармалган. Айрым маалыматтарда кол салгандардын бири кылмыш дүйнөсүндө белгилүү Камчы Көлбаевдин кылмыштуу топтун мүчөсү экени айтылып жүрөт. (MSu)