Боом капчыгайында кырсыктаган автоунаа ээсинин сөөгү табылды

Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Александр Кимдин сөөгү Чу дарыясынын Казакстан жактагы бөлүгүнөн табылды. Издөө-куткаруу иштерине аталган министрликтин өкүлдөрү менен кошо маркумдун тууган-уруктары катышты. 8-августта Бишкек-Балыкчы автожолунда Лексус маркасында автоунаа сууга кулап, айдоочунун сөөгү изделип жаткан. Бул кырсык Кыргызстанда акыркы жылдардагы кайгылуу кесепетке кирептер болгон ири жол кырсыгы катары катталды. (EBM,BuS)