Косоводо жергиликтүү серб камакка алынды

Косоводо 1998-99-жылдары болгон согушта этникалык албандарды өлтүрүүгө тийешеси бар деген шек менен жергиликтүү серб камакка алынды. Полициянын маалыматы боюнча, ал Евробиримдиктин миссиясындагы прокуратуранын кызматкерлери менен биргеликте өткөн операциянын жүрүшүндө кармалган.