Эртең авиакырсыкка бир жыл болот

Транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановдун өткөн жылы 24-августта өкмөт үйүндө берген маалыматына ылайык "Итек-Эйр” компаниясына таандык “Боинг-737” учагы Бишкек-Тегеран каттамы боюнча “Манас” аба майданынан 20.30да абага көтөрүлгөн. Андан 5 мүнөт өткөндө техникалык себепке байланыштуу артка кайтуу боюнча экипаждан маалымат түшкөн. Бирок учак аба майданга жетпей сат 20.43тө Жаңы-Жер айылынын аймагына авариялык абалда конууга аргасыз болуп, жерге түшкөн учак кыйроого кабылып, күйүп кеткен. Учакта 83 жүргүнчү, экипаждын 6 мүчөсү жана Ирандын “Asserman air” авиакомпаниясынын бир өкүлү болгон. Алардын арасында Кыргызстандын 24, Ирандын 52, Канаданын 2, Туркиянын 1, Казакстандын 3 жана кытайдын 1 жараны болгон. Болжолдуу маалымат боюнча, бул кырсыктан 65 адам мерт болуп, жаракат алган 22 адам ооруканада дарыланып, 3 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Үстүбүздөгү жылдын 14-августтунда Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда былтыр август айында кырсыктаган “Боинг-737” учагы боюнча сот жараяны башталып, жабырлануучулардын жактоочусу Ирина Синельникованын материалдар менен толук таанышып чыгуу өтүнүчүнөн кийин сот иши 27-августка жылдырылган.
Авиакырсык боюнча учактын учкучтарына айып тагылууда. “Боингдин” учкучтары Юрий Гончаров менен Тимофей Водолагин алдын ала тергөөлөргө ылайык Кылмыш кодексинин 280-беренеси боюнча айыпталууда. Бул беренеде аба, темир жол жана суу транспортунда коопсуздук эрежелерин бузуп, бир канча адамдын өлүмүнө себепкер болгондор жети жылдан он беш жылга чейин абакка кесилери айтылган. (AJ)