Орусия: ГЭСтеги кырсык 69 адамдын өмүрүн алды

Саяно-Шушенск ГЭСиндеги кырсыкта набыт болгондордун саны 69га жетти. Бүгүн куткаруучулар дагы эки кишинин өлүк денесин табышты. Азырынча дагы алты кишинин дайыны табылбай жатат. Саяно-Шушенск ГЭСинде кырсык 17-августта болгон.