Ооганстандагы кырдаал начарлоодо жана олуттуу

Ооганстандагы кырдаал “олуттуу” экенин жана “начарлап” жатканын, бирок америкалык аскерлердин жаңы командачысы азырынча кошумча күч талап кыла электигин АКШ Куралдуу күчтөрүндөгү штаб башчылардын бириккен комитетинин төрагасы, адмирал Майк Маллен билдирди. Ал СNN телеканалына берген интервьюсунда белгилегендей, Талибан соңку кездери тактикасын кыйла “татаалдаштырды”. Америкалык адмиралдын айтымында, Ооганстандагы жаңы командачы генерал Стэнли МакКристал кырдаалга баа берүүнү аяктоо алдында турат. АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы америкалык аскерлердин санын көбөйтүүгө буйрук бергенден бери жоокерлер арасындагы жоготуу көбөйдү. Быйыл июль айында АКШ Ооганстанда 44 жоокеринен айрылды.