Токтогулда суу көлөмү 12.256 млрд кубметр

Улуттук электр станциялар акционердик коомунун маалымдоосуна караганда, 25-августка карай Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 256 миллион кубметр болду. Учурда суу сактагычка секундасына 492 кубметр суу агып кирип, 309 кубметр агып чыгууда. Өткөн жылы бул мезгилге карай Токтогулда 9 миллиард 482 миллион кубметр суу болгон.(AiT)